Ош базарында түшүп кеткен тротуарды курулуш компаниясы калыбына келтирет

627

Ош базарында түшүп кеткен тротуарды курулуш компаниясы калыбына келтирип бермей болду. Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротуар соода борборунун пайдубалы үчүн казылган чункурга байланыштуу түшүп кеткен.

Мэриядан чункур имараттын астыңкы бөлүгүн куруу үчүн казылганын тастыкташты. Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте, куруучулар жана соода борборунун долбоорун түзгөндөр барган.

Натыйжада имаратты курган адам өз эсебинен тротуарды ордуна келтирип бермей болгон. Бирок ал иш качан башталары айтыла элек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.