Ош базарындагы өрт коопсуздугунун абалы жакшырган жок (видео)

892

Буга чейин Бишкектеги Ош базарында 3 ири өрт катталагына карабастан, соода-сатык жайындагы өрт коопсуздугунун абалы жакшырган жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт өчүрүү боюнча күжүрмөн даярдыкты текшерип, базарда атайын машыгуу өткөрдү. Ал иш-чара Ош базарындагы соода жайлардын биринде өткөрүлүп, бир нече мүчүлүштүктөр ачыкка чыкты.

Соода жайдын аймагындагы жайма базарлар жолго чейин чыгып кеткендиктен, өрт өчүрүүчү унаалар жалын каптаган жерге жете албай калышты. Мындан улам өрттү ыкчам өчүрүүгө мүмкүн болгон жок. Адистердин айтымында, Бишкектеги ири соода жайлардын ичинен Ош базары эң кооптуу деп эсептелет.