Ош базарындагы өрт жылыткычтын өчүрүлбөй калуусунан чыгышы мүмкүн

2008

Ош базарында дагы өрт чыкты. Маалыматтарга караганда, эртең мененки сатт 5:00 жакын соода-жайынын борбордук кире бериш бөлүгүндөгү күркөлөрдүн биринен жалын тутанган. Дароо өрт өчүрүү кызматына маалымат берилип, 3 бригада тартылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өрттүн келип чыгуусуна жылыткычтын өчүрүлбөй калып кетүүсү себеп болгон. Куткаруучулардын айтымында, кырсыктан жабыр тарткандар жок, ал эми материалдык чыгымдар эсептелүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.