Ош базарындагы өрттөн жапа чеккендерге компенсация төлөп берүү каралууда

724

Ош базарындагы өрттөн жапа чеккендерге тиешелүү тараптардын компенсация төлөп берүүсү каралууда. Бул тууралуу Бишкектин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев билдирди.

Анын айтымында, кырсык болгон күнү эле, тиешелүү администрация жетекчилери ишкерлерди жана базардын жетекчилерин чакырып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Анда жооптуу тараптар, базарда иштеген ишкерлер менен атайын келишимдери бар экенин жана компенсация төлөп берүүдөн качпай турганын айтышкан.

Маалыматтарга караганда, компенсация каражат түрүндө болбосо да, жооптуу тараптын эсебинен, базардан 1-2 жылга бекер орундарды бөлүп берүү сыяктуу сунуштар болушу күтүлүп жатыптыр.

Эске салсак, 30-январь күнү Ош базарынын түндүк-чыгыш тарабын өрт каптап, 118 соода оруну күйүп кеткен. Материалдык чыгымдын көлөмү бүгүнкү күндө эсептелип жатат.