Ош базарындагы өрттүн чыгымдары эсептелүүдө (видео)

672

«Ош» базарындагы өрттөн жалпысынан 118 соода түйүнү күйүп кетти. Кырсыктан ишкерлерге канча чыгым келтирилгени азырынча тактала элек. Учурда бул боюнча комиссия иштеп жатат. Бирок бир эле соодагердин тарткан зыяны миллион сомго чукулдайт. Айрымдарыныкы андан да көп. Ош базарында чыккан өрткө байланыштуу милиция тарабынан кылмыш иши козголду. Азырынча окуяга ким күнөөлүү экени белгисиз. Ошондой эле, өрт эмнеден келип чыкканы тактала элек. Бул боюнча мекемелер аралык жумуш тобу иштеп жатат. Эң кызыгы, былтыр текшерүү жүргүзүлгөндө Ош базарында 500дөн ашык мыйзам бузуу катталып, 34 адамга айып пул салынган. Бирок андан майнап чыкпаганын кечээки окуя көрсөтүп койду.