Ош базарындагы сатуучуларды түйшөлткөн маселе (видео)

718

Ош базарында бир жумадан бери абал жакшы эмес. Миңден ашык сатуучу жаңы иш орундарына баруудан баш тартып, боз үй тигип, бир апта бою соода жайларын күнү-түнү кайтарып жатышат. Ижарачылар базар администрациясы сунуштаган альтернативдүү иш орундарынын баасы кымбат дешет.

Буга кошумча, жаңы соода борбору сапатсыз салынып жатат деген жүйөө келтирилүүдө. Мындай дооматты экинчи тарап четке кагып, жаңы комплексте сатуучулар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн деп ишендирет. Бирок эки тарап мунасага келе албай, байма-бай кайым айтышуулар, тирешүүлөр болуп жатат.