Ош базарындагы жайма базар жана бүтпөгөн чыр (видео)

2012

Ош базардын айланасындагы мыйзамсыз соода кылгандарга кайрадан рейд жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында бир жүк ташуучу унаа толтура эмерек чогултулду.

Жол чекесиндеги жайма базарда эмгектенген 1600гө жакын адамды эми базардын ичине киргизүү каралууда. Бирок ижара төлөөгө шарты жок соодагерлер ага макул болуудан баш тартышууда. Борборду тазалайм деп ниеттенген шаар жетекчилигинин аракети ишке ашабы?