Ош базарындагы жайма базардын артында ким турат? (видео)

3162

Бишкектеги Ош базарынын тегерегинде соода кылгандар өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Чогулгандар ал жакта ой келди соода-сатыкка тыюу салынып жатканына нааразы. Алар калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин кызматтан кетишин да талап кылышты.

Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев акциянын катышуучулары менен жолугушуп, башаламан соода-сатыкка жол берилбейт деп так кесе айтты. Анын билдирүүсүндө, чаржайыт сооданын артында бир ууч адам эле турат. Алар орун сатып, бизнес жасашууда дейт. Тараптардын тиреши эмне менен аяктады?