Ош базарындагы жаңжал (видео)

723

Ош базарынын бүтпөгөн чыры. Он күндөн бери жүздөгөн соодагер өз товарларын сата албай убара болууда. Буга чейин Ош базарындагы өрт учурунда алардын көпчүлүгүнүн орундары күйүп кетип, жергиликтүү бийлик жолдун боюна соода кылууга уруксат берген.

Бирок майрам алдында милиция кызматкерлери сатуучуларды көчөдө соода кылып жаткан жеринен кууп, иштерине жолтоо болуп жатыптыр. Соодагерлер жаңы жылга чейин каражат топтоп алсак дешет. Антпесе насыя төгүүгө акча жетпей, күйүп кетүү коркунучунда турат. Эске сала кетсек, Ош базарын жыл башынан тарта эле төрт жолу ири өрт каптап, жүздөгөн сатуучулар зыян тарткан.