Ош базарынын айланасындагы башаламан соода жайлары жоюлат (видео)

665

Баш калаанын Киев-Токтогул, Бейшеналиева, Кулиев көчөлөрүндө жолду бөгөп, туш келди соода кылгандар базардын ичине көчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкектеги Ленин райондук администрациясы өткөргөн рейдде белгилүү болду. Бирок мыйзамсыз соода жүргүзгөндөр базардын ичине көчүүгө каршы болуп жатышат. Себеби алар ижара акысын төлөгүлөрү келбейт. Анын үстүнө жол боюнда товар жакшы өтөт, дешет алар.

Бирок район акимчилиги борбор калаада тартипти орнотуп, антисанитарияга каршы күрөштү токтотпой турганын айтууда. Тартипке баш ийгиси келбегендерге эми 1000 сомго чейин айып салынат.