Ош бажыканасында төлөмдөр он эсеге көп чогултулду (видео)

1072

Бир ай ичинде Ош бажыканасында төлөмдөр он эсеге көп чогултулду. Жаңы жылга чейин ал жакта күнүнө 1,5 миллион сом жыйналса, быйыл январда 15 миллионго чейин жеткен. Ал эми борбордук аппаратка түшкөн каражат эки эсеге көбөйгөн. Муну менен бир ай ичинде Бажы кызматы коюлган пландан дээрлик бир миллиард сомго ашык төлөм чогулткан. Бул расмий маалыматтарга таянып былтыр Ош бажысынан эле бюджетке түшпөй келген каражатты эсептегенде 156 миллион сомго жетет экен. Ал эми жалпы бажы тармагынан бери дегенде эле 12 миллиард сом түшпөй калган. Аткаминерлер жыйымдын көп чогултула баштаганын коррупциянын деңгээли төмөндөгү менен байланыштырууда. План боюнча 2018-жылы бажы төлөмдөрүнөн 40 миллиард сом чогултулушу керек.