Ош-Бишкек авиакаттамына билет баасы 3 эсе кымбаттады (видео)

1572

Ош-Бишкек авиакаттамында билеттердин баасы 3 эсе кымбаттап кетти. Бүгүн бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Учурда Оштон Бишкекке учак менен келүү — 5 миң сомго чыкты. Эл өкүлдөрү жүргүнчүлөргө мындай баадагы билетти сатып алуу оор болуп жатканын айтышып, бааны төмөндөтүү керек, дешүүдө. Транспорт жана жолдор министри ички каттамдарга билеттин баасын арзандатуу сунушу каралып жатканын айтты. Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө авиация тармагындагы башка бир топ көйгөйлөр да талкууланды. Эл аралык аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу, калыбына келтирүү боюнча маселе депутаттарда көптөгөн суроолорду жаратты.