Ош-Бишкек трассасындагы жол кырсыгынан 7 адам каза болду

1593

Өткөн ишемби күнү Ош-Бишкек трассасындагы жол кырсыгында бир үй-бүлөнүн башчысы — милициянын майору, анын жубайы жана 2 баласы каза тапты. Аварияда жалпысынан 7 киши набыт болгон. Каргашалуу окуя 16-декабрда саат 19:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Токтогул районунун Торкен айылындагы бөлүгүндө катталган.

«Хюндай Клик» унаасы менен «Хонда Степвагон» машинасы бетме-бет сүзүшкөн. Натыйжада, кырсык болгон жерде 4 адам каза таап, дагы 3 адам алган жараттары өтө оор болгондуктан, ооруканадан көз жумган. Ошондой эле, 3 адам Токтогул аймактык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.