Ош-Бишкек жолунда 10, Бишкекте 9 адам өлдү (видео)

795

Өткөн 4 күн аралыгында эле жол кырсыктарында каза тапкандардын саны 30 адамга жакындап калды. Кечээ эле Бишкектин ГЭС-5 аймагында Чоң Чүй каналына жеңил унаа түшүп кетип, анда атасы менен 6 жаштагы баласы курман болду. Ал эми Талас районунда болгон жол кырсыгында 2 бала набыт болуп, дагы экөө жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Мындай кейиштүү статистикага тынчсызданган эксперттер менен депутаттар да тез арада «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү керек дешүүдө. Болбосо мындай кайгылуу кырсыктардын саны өсө бериши ыктымал.