Ош-Бишкек жолунда кар көчкүдөн коргой турган тоннель курулабы? (видео)

1228

Бишкек-Ош жолунда кар көчкүдөн коргой турган дагы бир тоннель пайда болушу мүмкүн. Учурда 38 миллион доллар грант боюнча Япония өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Тоннель трассанын көчкү көп жүргөн тилкесине курулат. Белгилей кетсек, жаратылыш кырсыгынан улам эки күндөн бери Бишкек-Ош жолу жабык турат. Эки тараптан тең автоунаалардын узун тыгыны пайда болду. Жолдун ачылышын күнү-түнү күткөн айдоочуларга шарт түзүлбөгөнү нааразычылык жаратууда. Ал арада, трассада кар көчкү кайталангандыктан, жол качан ачылаары белгисиз.