Ош: Достук чек ара бекетинде коррупция гүлдөдү (видео)

1254

Ош областындагы «Достук» бажы постунда коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу бажы кызматынын коомдук кеңеши билдирүү таратты. Андагы маалымат боюнча, ишкерлер 1 жүк ташуучу унааны бажыдан өткөрүү үчүн расмий эмес төлөм жүргүзүүгө аргасыз. Баш тартса кыйынчылыктарга тушугат. Башкача айтканда, бир эле машинадан алынган мыйзамсыз акчалар 20 миң сомго чейин жетет. Бажыдан эч тоскоолдуксуз өтүү үчүн ар бир кызмат көрсөтүү канча сом тураары боюнча ич ара прейскурант дагы бар экен. Бул бир эле бажы бекетиндеги көрүнүш. Өлкө боюнча коррупциянын түрдүү схемалары иштеп жаткан ондогон өткөрүү жайлары бар экени белгилүү.