Ош: дыйкандар пахтаны колго терип жетишпей жатышат (видео)

1064

Ош областында дыйкандар пахтаны колго терип жетишпей жатышат. Айрымдары киши жалдап, бир килограмм ак буланы 10 сомдон жыйнатууда. Азыр ак алтындын экинчи терими гана кызуу жүрүүдө. Агрономдор, дыйкандар кечигип жатат дешет. Анткени үчүнчү теримге чейин кар жаап калышы мүмкүн. Анда карда калган пахтанын сапаты начарлап, баасы төмөндөп, фермерлердин кирешеси азаят. Бүгүнкү күнү пахта заводдор түшүмдү 43 сомдон 46 сомго чейин баалап алышууда. Бирок ишканалар дагы ак алтынды кабыл алууга жетишпей жатышат.