Ош — Исфана жолунда эки унаа кагылышып үч адам каза тапты

1257

Кайрадан адам өлүмдөрү менен коштолгон жол кырсыктары. Бүгүн эртең менен саат жетилер чамасында Баткен областында авариядан үч адам каза таап, сегиз киши оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилди.

Ош — Исфана жолунда эки унаа кагылышкан. «Хонда Степвагон» менен «Жигули» машиналарында жалпысынан 11 киши бараткан. Үч адам окуя болгон жерден жан берген.

Маалыматтарга караганда, «Жигулини» милиция кызматкери айдап бараткан. Милиционер менен экинчи унаадагы эки адам кырсык болгон жерден каза тапкан.