Ош, Жалал-Абад областтарынын тургундары башка жерлерге көчүрүлүүдө

877

Ош менен Жалал-Абад областтарынын айрым аймактарында жер көчкү коркунучунан улам жергиликтүү тургундар башка жерлерге убактылуу көчүрүлө баштады. Бул аракеттер өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругу менен жергиликтуу бийлик өкүлдөрү менен бирге ишке ашырылууда.

Учурда Жалал-Абад областынын Базар-Коргон, Аксы жана Сузак райондорунда 160 үй-бүлө көчүрүлгөн. Жер көчкү коркунучу бар аймактарда жалпасынан 1190 үй-бүлө жашайт. Алардын 797си убагында мамлекеттен ссуда жана жер тилкелерин алып, бирок көчпөй койгондор. Ал эми калган 393 үй-бүлөгө жер тилкелерин трансформациялап берүү маселеси каралып жатат.

Учурда айрымдарды кооптуу аймактардан күчтөп да болсо көчүрүү аракети көрүлүп, жолдору жабылып, электр жарыктары өчүрүлүүдө. Ал эми Ош областынын Зергер айылында кооптуу аймакта жашагандар үчүн убактылуу баш калкалоого 225 чатыр берилген.