Ош, Жалал-Абадда катуу шамалдын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат

3106

Ош жана Жалал-Абад областтарында катуу шамалдын кесепетин жоюу иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Оштун Чоң-Алай районунда ылдамдыгы секундасына 22-28 метрге жеткен шамал катталып, айрым айылдарда мектеп, Маданият үйү, турак үйлөрдүн жалпы аянты 700 чарчы метрге чатырын учуруп кеткен.

Алайда катуу шамалдан 6 үй жабыркаса, Ала-Бука районунда 80дей турак-жайдын чатыры талкаланган. Учурда тиешелүү мекемелер аралык комиссия түзүлүп, алар жеринде тактоо иштерин жүргүзүп жатышат. Бактыга жараша, бул катуу шамалдан адам өмүрүнө зыян тийген учур катталган жок.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.