Ош. Жерге документ бар, бирок жер тилкенин өзү жок (видео)

1016

Ош областынын Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө 300гө жакын үй-бүлө колдорунда токтомдору бар туруп, жер тилкелерин ала албай жүрүшөт. Айтымдарында жада калса айыл өкмөттүн айрым кызматкерлерине акча да берип коюшкан. Алар болсо, акчаны чөнтөккө салгандан кийин «жер жок» деген жообун айтып кутулуп жатышыптыр. Ал арада документи менен жүргөн тургундар өз алдынча иликтөө жүргүзүшүп, анда ал жерлер чекесинен кертилип сатылып жатканын аныктап чыгышкан.