Ош: карылар үчүн клуб (видео)

786

Оштогу Төлөйкөн айылында карыялар менен ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды калыбына келтирүү борбору кайрадан ишке кирди. Бул мекеме республикадагы жападан жалгыз ушундай мекеме. Анда кары-картаңдар тренажорлордо машыгып ден-соолугун чындап, кол-өнөрчүлүк менен алектенип, музыкалык аспаптарда ойноп, ырдап маданий кечелерди өткөрүп турушат.

Бирок бул борбор бир жылдан бери каражаттын жоктуганан улам иштебей турган. Быйыл каражат маселеси чечилип, кайрадан ишке кирди. Борбор иштеп турган мезгилде Кара-Суу районундагы баардык айылдардан жылына 200дөн 300гө чейин карыяларды кабыл алып турган.