Ош: компьтердик клубдан чыкпай жүргөн балдар (видео)

709

Үйүнө баргысы келбеген өгөй балдар, ата-энеси чет өлкөгө иштеп кетип каралбай калган өспүрүмдөр. Түндө Ош шаарында саат ондон үчкө чейин рейд уюштурулуп, көчөдө, диско-клубда жана компьтердик залда жүргөн балдар кармалды. Алардын айрымдарын инспекторлор ата-энесине өткөрүп беришсе, кээ бири үйлөрүнө баруудан баш тартты. Инспекторлор менен социалдык кызматкерлер беш саатка созулган рейд учурунда жашы жете элек 8 баланы кармады. 18ге толо электерди ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү жок мекемесине киргизген эс алуу жайларына карата протоколдор түзүлүп, эскертүүлөр берилди.