Ош: Кризисттик борбор жабылып калуу коркунучунда (видео)

1123

Оштогу жападан жалгыз кризисттик борбор жабылып калуу коркунучунда турат. Кыйын тагдырга кабылган аялдарга колдоо көрсөткөн «Ак-Жүрөк» уюму материалдык колдоого муктаж. Бул борборго жылына Ош областынан эле эмес, Баткен жана Жалал-Абад аймактарынан да үй-бүлөлүк зордук-зомбулука кабылган миңден ашык аял кайрылат экен. Борбордон аялдар психологиялык, юридикалык жана реабилитациялык жардам алышып, аларга жаңы жашоо баштаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Учурда борбордо 20га жакын аял баш калкалап жатат. Бирок аларды тамак-аш менен камсыздоо оор болууда, дейт мекеменин жетекчиси Дарика Асилбекова. Андыктан ал жергиликтүү бийликти кол кабыш кылууга чакырууда. Кризистик борбор жабылып калса, оор тагдырга кабылган аялдар кайда барат?