Ош: кулчулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык кампания башталды

1503

Маалыматтык жараян “Жарандарды өлкөдөн  мыйзамсыз алып чыгып кетүүнүн алдын алуу” долбоорунун алкагында жүргүзүлмөкчү. Маалыматтык кампания Ош шаарынын төрт аймактык кеңешинде,  Ош областынын Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорунда өткөзүлөт.

Бул маалыматтык кампаниянын негизги максаты жарандарды өз укуктары менен тааныштыруу, мыйзамсыз чет өлкөгө чыгуунун жана кулчулуктун алдын алуу.

Маалыматтык кампаниянын алкагында аталган аймактарда көчө спектакльдери коюлат. Элге жеткиликтүү маалымат берүү үчүн  брифингдер өткөзүлүп, айылдарда  түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, китепчелер таркатылат.

Кулчулуктун алдын алууга багытталган соцролик тартылып массалык маалымат каражаттарынан көрсөтүлүп  жана соцтармактарга жайылтылат.

“Кимде ким миграцияда жүрүп кандайдыр бир кыйынчылыктарга тушуккан болсо “Улыбка” коомдук фондуна кайрылып, юридикалык, медициналык жана кеңеш берүү боюнча жардамдарды алса болот. Мисалга документтерин жоготуп келе албай жатса, же кулчулукта жакыны жүргөнүн билип бирок бошото албай жатышса бизден жардам алышса болот. Биздин фонд бийлик өкүлдөрү, тышкы иштер министрлиги, биздин консулдуктар менен биргеликте эффективдүү жардам көрсөтөбүз”-дейт “Улыбка” коомдук фондунун директору Эльмира Умарова.

Маалыматтык жараян быйылкы жылдын 1-ноябрынан тарта 2018-жылдын октябрь айына чейин жүргүзүлөт.