Ош: Мектеп рэкетчилигине кабылган балдар (видео)

1323

Ош областында окуучулардын 70 пайызы мектеп рэкетчилигине кабылышат. Мындай маалыматты көз карандысыз коомдук фонду таратты. Бейөкмот уюму былтыр жашыруун сурамжылоо жүргүзүп, анын жыйынтыгы кооптуу абалды көрсөткөн. 1000 өспүрүмдүн 700ү чоңдордун салган салыгын төлөп келээрин айтышкан. Адистердин билдирүүсүндө, өспүрүмдөр арасында рэкетчиликтен башка дагы кылмыштуулук өсүүдө. Буга окуучулардын баалуулуктарынын өзгөргөнү себеп болууда дешет. Алсак, мурда балдар космонавт, мугалим, дарыгер болууну кыялданышса, учурда көбү криминалдык чөйрөнүн ана башчыларын кумир тутуп жатканы байкалууда.