Ош менен Бишкек эмнеге ипотекадан куру калды? (видео)

782

Бюджетте иштебегендер дагы эми мамлекеттик ипотека ала алат. Бирок шарттары оор жана үстөгү жогору. Ал эми Бишкек менен Ош шаарынын тургундары бул мүмкүнчүлүктү такыр эле колдоно алышпайт. Анткени насыяга каражат бөлүп берген Германия өнүктүрүү банкы дал ушундай талап коюптур. Мындан тышкары, кредиттин үстөгү мамлекеттик кызматкерлерге берилгендей 8-10 эмес, 12-15 пайызды түзөт. Ошондой эле, ипотека алууну каалагандардын үй-бүлөлүк кирешеси 20 миң сомдон кем болбошу керек.