Ош мэри атаандашсыз шайланмак болду

1115

Кыргызстандын түштүк борборунун башчылыгына өкмөттүн облустагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев жалгыз талапкер болуп катталды.

«Кыргызстан» партиясы өз талапкерин көрсөтүү ниетин жарыялаган менен иш жүзүндө шаардык кеңештеги өз депутаттарынан колдоо тапкан жок. Шаардык кеңештеги башка партиялар да өз ичинен же сырттан башка талапкер чыгарууга батынбады. Шаар башчысын шайлоого бийликчил коалициядан башка партиялар талапкер көрсөтпөгөнүн жарандык коом өкүлдөрү «партиялык кошоматчылык» деп сынга алышты.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Расулбек Кадыров Ош шаарынын башчылыгын шайлоого жалгыз талапкер болуп өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев катталганын жарыялады. Кадыровдун маалыматы боюнча Сарыбашевдин талапкерлигин Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Ал эми шаардык кеңештеги коалицияга кирбеген үч партиянын биринен да талапкер көрсөтүлгөн эмес. Талапкер көрсөтүүгө укуктуу болгон өкмөт башчы да шаар башчылыкка эч кимди сунуш кылган жок.

Таалайбек Сарыбашев болсо шайлоого жалгыз талапкер болорун күтпөгөнүн, шайлоого атаандаш менен чыгууну каалаганын билдирди. «Мэрликке кимди көрсөтүү — ар бир партиянын өзүнүн иши. Мен «шайлоого өзүм барам» деп өзүмчүл болуудан алысмын. Тескерисинче, мен ар кандай шайлоого атаандаш менен барууну колдойм», — деди ал.

Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлга белгиленген. 3-июлда өкмөттүн буйругу менен Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын башчылыгынан кеткен.