Ош мэриясы Сарыбашев Россиянын жараны деген маалыматты четке какты

1068

Социалдык тармактарда Таалайбек Сарыбашев башка өлкөнүн атуулу болгондуктан, анын мамлекеттик жана муниципалдык кызматты аркалоого укугу жок деген билдирүүлөр тараган. Анда Ош шаарынын азыркы мэри 2004-жылы россиянын паспортун алып, аталган документти 2016-жылдын 30-мартында алмаштырган деп айтылат.

Бул боюнча мэр өзү үн каткан жок. Анын ордуна муниципалитеттин басма сөз кызматы Таалайбек Сарыбашев Россиянын жарандыгын алган эмес деген маалымат таратты. Ал чындыгында эле Россияда 15 жылдай эмгек мигранты болуп иштеген. Бирок ал өлкөнүн паспортун албаптыр.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.