Ош областына барган кайсы аткаминерлерди кымбат унаалар менен тосуп алышат?

636

Ош областына барган кайсы аткаминерлердин талабы менен аларды кымбат унаалар менен тосуп алышат? Бул маселени Жогорку Кеңештин депутаттары көтөрүштү. Алардын айтымында, жергиликтүү жетекчилер даражалуу конокту жөнөкөй машина менен алып жүрүүгө батынбайт экен. Андыктан жер-жерлердеги аткаминээрлер  кымбат жолтандабастарды ижарага алууга аргасыз.

Ошондой эле, Бишкектен барган министрлер жана алардын орун басарларын кымбат ресторандарда тамактандыруу адатка айланган. Мындан улам жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү акчаны өз чөнтөгүнөн чыгарып, карызга батып жатышканы айтылды.

Эл өкүлдөрү өкмөт мамлекеттик кызматкерлердин этикасына жакшылап көңүл буруу керектигин жана мындай жосунсуз жоруктарды токтотуу керек, дешүүдө.