Ош областында аскер кызматкери өз өмүрүнө кол салды

4018

Ушул ай ичинде эле өлкөнүн ар кайсы аскер бөлүктөрүндө 4 адамдын өлүмү катталды. Акыркы окуя 16-ноябрда Ош областынын Кара-Суу районунун Мады айылында болгон. Анда 22 жаштагы жоокер ата-энесинин үйүндө өз өмүрүнө кол салганы айтылууда. Ал Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн Мады айылындагы №92 840-аскер бөлүгүнүн сержанты экени маалым болду. Учурда аскердик прокуратуранын Ош гарнизону ишти териштирип жатат.

Дал ушундай эле окуя бир жума мурда Чүй областынын Кой-Таш айылындагы аскер бөлүмүндө катталып, анда ал жерде иштеп жүргөн майор жатаканада өз жанын кыйганы кабарланган. Азырынча алардын мындай кадамга барышына эмне себеп болгону белгисиз.

Ага чейин, 4-ноябрда Новопокровка айылында жайгашкан №3 абакта 4-батальондун катардагы жоокери лампочка алмаштыргандан кийин кулап түшүп, өзүнө келбей, көз жумган. Эртеси күнү эле Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын окуу борборунда дагы бир жоокер жүрөгү кармап каза тапканы маалым болгон. Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.