Ош областында көмүр таңсыктыгы жаралды (видео)

753

Ишкерлердин айтымында, Ош областындагы көмүр казылып алынчы 5 карьер бүгүнкү күндө жабылып турат. Анын себеби ачык айтылбай жатат. Айрым маалыматтарга караганда, көмүрдү Өзбекстанга кымбат баада дүңүнөн сатуу үчүн чогултулууда. Кара алтындын тартыштыгы жаралган соң, албетте баасы дагы көтөрүлүп кеткен. Монополияга каршы агенттиги, нарк саясаты көзөмөлдү деп жооткоткону менен карапайым эл кымбат көмүр сатып алууга аргасыз.