Ош областында малга кол салган жырткычтарды жок кылышууда

825

Ош областында малга кол салган жырткычтар жок кылынууда. 50 гө жакын мергенчи Өзгөн районунда бир күндө 16 чөөнү атып өлтүрүштү.

Бул тууралуу Жаратылышты коргоо департаментинен кабарлашты. Акыркы учурда жергиликтүү тургундардын малына жырткычтар тиш салган фактылар көбөйгөн.

Мындан улам, областтын аймагында атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө. Анын алкагында, Араван районунда дагы 11 чөө атып өлтүрүлгөн. Эми мергенчилер Ноокат району боюнча иш алып барышат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.