Ош областында жаш баланы сүзүп өлтүрүп качып кеткен айдоочу изделүүдө

646

Ош областында 6 жаштагы бөбөктү сүзүп өлтүрүп качып кеткен айдоочу изделүүдө. Окуя кечээ кечинде саат жетилер чамасында Кара-Суу районунда болгон.

Маалыматтарга караганда, Бишкек-Ош жолунун Кара-Дөбө айылындагы бөлүгүндө Өзгөндү көздөй бараткан «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу алты жаштагы баланы сүзүп кеткен. Ал наристеге жардам бербей, ошол жерден из жашырган. Ал эми бала эсине келбей, ооруканага бараткан жолдо үзүлүп кеткен.

Ош областында айдоочуну кармоо боюнча атайын план жарыяланып, айрым жерлерге блокпосттор коюлду.