Ош областында жеңил унаалар кагылышып 11 киши жаракат алды

649

Автокырсык Ош-Ноокат жолундагы Алмалуу айылында болгон. «Хонда Стрим» жана «Ауди» машиналары сүзүшүп, андан жабыркагандардын сегизи райондук ооруканага жаткырылды. Алардын арасында 11 жаштагы кыз да бар. Ал эми 18 жаштагы кыздын абалы оор, анын жаагы сынып, башы катуу урунган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, машинанын бири каршы тилкеге чыгып, алдыда келаткан унааны сүзгөн. Учурда окуянын чоо жайы териштирилип жатат.