Ош областындагы «Достук» бекети ачылды

2240

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кабыл алынган келишим аткарыла баштады. Ош менен Анжиян областтарынын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Достук» өткөрмө бекети ачылды. Буга байланыштуу расмий иш чара кечээ кечки саат жетилерде болду.

Эки өлкө президенттеринин келишимине ылайык, чек ара пункту эки тараптуу ачылды. Анын алдында, майрамдык концерт уюштурулуп, Кыргызстан менен Өзбекстандын расмийлери сөз сүйлөштү. «Достук» өткөрмө бекетинде 2010-жылдан бери чектөөлөр болуп келген. Эки өлкөнүн жарандары ары бери өткөндө тойго же маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына бараткандыгы тууралуу телеграмманы көрсөтүшү керек болчу.

Эми мындай талаптар жоюлду. Чек ара посту ачылаарын уккан миңдеген адам бекеттин эки жагына тең түштөн кийин эле чогула баштаган.