Ош областынын Кара-Кулжа районунда катуу шамал болду

1459

Анын кесепетинен Жаңы-Талаа айылында дарактын сынган бутагы беш жашар кызды басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Бөбөк ооруканага жеткирилип, учурда анын абалы жакшы.

Кечээ күнү кечинде болгон катуу шамалдан Жаңы-Талаа айылында турак үйлөр да жабыркаган. Жалпысынан бороон 15 тамдын жана 13 сарайдын 300дөй шиферин учурган. Азыркы тапта, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Жарандык коргонуу комиссиясы кырсык келтирген зыяндын өлчөмүн тактап жатышат.

Кечээ, 23-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам өлкөнүн айрым аймактарында кайрадан сел жүрдү. Адамдар жабыркаган жок. Учурда Кара-Кулжа райондук Электр тармактары ишканасы шамал кулаткан электр мамыларын калыбына келтирип, оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Соңку маалыматтар боюнча, эки күндүн ичинде жергиликтүү тургундарга электр кубаты толук өлчөмдө берилиши күтүлүүдө. Ушундай эле көрүнүш Талас областында да катталып, катуу шамал 11 үйдүн чатырын учурду.