Ош областынын Ноокат районундагы мечит толугу менен күйүп кетти

764

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматтарга караганда, өрт түндө болуп, диний жайдын 400 чарчы метри күлгө айланган. Бул кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Эске салсак, былтыр Кара-Суу районундагы «Жалгыз бак» мечитинде да өрт чыгып, андагы килемдер менен 200 чарчы метр дубалы күйүп кеткен.

Ошондой эле, жыл башында Ысык-Көл областынын Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы жергиликтүү чакан чиркөөдөн дагы өрт чыккан. Бул кырсыктарда бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.