Ош облустук кургак учукка каршы борбордон 4,5 млн. сом уурдалды

849

Ош облустук прокуратурасы кургак учукка каршы күрөшүү боюнча облустук борбордо 4 миллион 694 миллион сомду кымырып алуу фактысын тапты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Уурдалган акчанын 64 миң долларын кымырып алган милиционерлерге иш козголду. Аталган факты боюнча оорукананын башкы бухгалтери шектелүүдө.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча шектүү бюджеттик каражатты өзүнө ыйгарып алуу үчүн жалган фирма түзгөн. 2017-жылы жыл бою документтерди жасалмалап, оорукананын керектөөсү үчүн деп жалган фирмага бюджеттен каралган акчаны которуп турган.

Кылмыш иши тийиштүү органдарга тапшырылды.