Ош облусунда УКМКнын 49 кызматкери турак жайлуу болду

836

Ош областында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 49 кызматкери турак-жайлуу болду. Аларга ачкычтарды тапшыруу салтанатына Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Өкмөттүн аймактагы атайын ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, УКМКнын аймактагы өздүк курамы жана ардагерлер катышышты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы мамлекет, күч тармагында иштегендердин турак-жай маселесине өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Учурда Каракол шаарында дагы УКМК кызматкерлерине курулуп жаткан турак-жай бүтүп калды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.