Ош: Өрттөн жабыркаган мектеп (видео)

683

Өткөн аптада өрттөнүп кеткен Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайынын имаратын жаңылоо маселеси чечилбей жатат. Буга мектептин жанында май куюучу жайдын орун алганы себеп болуп жатыптыр. Тиешелүү мамлекеттик мекемелер коопсуздук маселесин эске алуу менен курулушка уруксат бербей жатышканы айтылууда.

Ал арада студенттер ыштын жыты кете элек имаратта билим алууга аргасыз. Мугалимдер болсо, өрт кырсыгында кымбат баалуу эки рояль күйүп кеткенине кейип жатышат.