Ош: Прокурордун өлүмү боюнча сот жабык өттү (видео)

1164

Ош шаардык сотунда Баткен областынын прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча отурум болду. Бирок жараян жабык өтүп, ага жабырлануучулар менен айыпталуучулардын жакындары киргизилген жок. Сыртта калган эки тараптын ортосунда чыр чыкты.

Маркумдун туугандары айыпталуучу өмүр бою камалсын деген талаптарын айтышты. Былтыр ноябрда Баткен областынын прокурору 43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары Баткен областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган.