Ош: сейил бактардагы аттракциондордун абалы текшерилеби? (видео)

736

Балдарды коргоо күнүнө карата Ош шаарындагы сейил бактардагы аттракциондордун абалын текшерүү зарыл. Мындай сунуш менен балдардын укугун коргогон уюмдун өкүлдөрү Ош шаардык Экотехинспекциясына кайрылышты. Алар майрам алдында түштүк борбордогу Алишер Навои атындагы парктын аттракциондорунун коопсуздугун жана эс алуу багынын санитардык-гигиеналык абалын текшерүүнү өтүнүшүүдө. Укук коргоочулардын мындай демилге менен чыгуусуна, былтыр аталган паркта орун алган кырсык себеп болгон. Анда аттракциондордун иштеп жаткан учурда бузулуп, 10дон ашуун адам жабыркаган.