Ош: селдин натыйжасындагы зыяндын өлчөмү эсептелүүдө (видео)

980

Ош, Баткен, Жалал-Абад областтарында болгон селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Кечээ түнү жүргөн селдин натыйжасында Жалал-Абад областынын Ноокен районунда суу каптоо болуп, бир автоунаа жабыркап, бир адам каза тапты. Калган аймактарда короо-жайларга, эгин талааларына жана жеке чарбаларга зыян келтирилген. Араван районунда эки турак-жай авариялык абалга келди. Азырынча табигый кырсыктын кесепетинен жапа чеккендер тарткан материалдык зыяндын суммасы аныктала элек. Айрым маалыматтарга ылайык, селдин алдын алуу иштери начар жүргүзүлгөн.