Ош шаарында 15 млн сом уурдап кеткен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

1021

Ош шаарында ишкердин үйүнөн 15 миллион сомдон ашык каражатын уурдап кеткен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Жаңы жылдын алдында түнкү саат он бирлер чамасында Ош шаарындагы «Ак-Тилек» конушунда жашаган бизнесмендин үйүнө бет капчан адамдар кирип келип, кожоюнуна күч колдонуп, тапанча менен коркутуп акча талап кылып, аялын байлап салышкан.

Андан соң, кылмышкерлер үйүндө турган сейфти көтөрүп кетишкен. Анын ичинде 10 миң доллар, 560 миң рубль, 14 миллион сом жана маанилүү документтер болгон. Кол салгандар үйдүн кожоюнунун автоунаасын дагы айдап качышкан. Кийин ал машина шаардагы көчөлөрдүн биринен табылган.

Ал эми кылмышка шектүүлөрдүн ким экендиги аныкталып, Ош областынын 26 жана 27 жаштардагы үч тургуну кармалды. Алардын жанынан далилдөөчү буюм катары 5 миллион сомго жакын акча алынган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар дагы үч адам изделүүдө.