Ош шаарында 20 жашар кыз 3 кызга бычак сайды (видео)

840

Ошто 3 кызды бычактады делген 20 жаштагы кыз 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми бычакталган эки кызга операция жасалып, үчүнчүсүнө медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Мушташка катышкандардын баары суракка алынып, учурда бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда. Кыздардын катышуусундагы чыр-чатак 5-июнда таңкы саат төрттөр чамасында Ош шаарында үйлөрдүн биринин жанында болгон.