Ош шаарында 21 жаштагы келинди карактоого шектелген улан-кыздар кармалды

1403

Ош шаарында 21 жаштагы келинди карактоого шектелген жаш улан-кыздар кармалды. Алардын арасында жашы 18ге толо электер дагы бар. Окуя 23-декабрда кечки саат 17:30да Масалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

5 кишиден турган банда үй ээсин бычак менен коркутуп 1500 доллар, 13000 сом акчасын, Айфон-6 уюлдук телефонун, 3500 сомдук курткасын жана башка буюмдарын алып кетишкен. Бул кылмышка шектелип 5 адам кармалган. Алардын жанынан жабырлануучунун үйүнөн жоголгон айрым далил буюмдар табылган.

Учурда бул боюнча тергөө иштери башталып кармалгандардын баш коргоо чарасы каралууда. Кылмышка шектүүлөрдүн арасында Ош шаарындагы кыздардын мушташы боюнча кылмыш иштеги башкы фигурант да бар.

Буга чейин интернетте окуучуну канжалата сабаган дал ушул өспүрүм кыздын видеосу тараган. Бирок милиция кызматкерлери ал кызды камакка албай, кое берип коюшкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.