Ош шаарында аскер бөлүгүнөн 2 жоокер качып кетти

3498

Ош шаарындагы №36 806 аскер бөлүгүнөн 2 жоокер качып кетти. Бул маалыматты Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан тастыкташты.

Окуя 3-декабрда саат 16:00 чамасында катталган. Дайыны табылбай жаткан 2 жигит ушул жылдын күз айларында кызмат өтөөгө чакырылгандары белгилүү болду. Алардын бирөө буга чейин да качып кетип, аны кайра кайтарып келген учур болгону айтылууда. Ал жоокер ошол күнү нөөмөттө турган экен.

Учурда бул окуянын чоо-жайы Башкы штаб тарабынан такталып жатат. Ошондой эле Аскер прокуратурасы иликтөө иштерин баштады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.