Ош шаарында бак-дарактар массалык түрдө кыйылды (видео)

1012

Калаа жетекчилиги буга уруксат берилбегенин билдирүүдө. Шаардын борбордук көчөсүндө 16 түп даракты жок кылган адам аныкталып, ага 40 миң айып салынды. Жок кылынган бактардын ордуна арчанын көчөттөрү тигилди.

Бул маселени алгачкылардан болуп көтөрүп чыккан журналист Ыдырыс Исаков Ош шаарында бак дарактарды кыйуу фактысы көп эле катталарын айтат. Бирок мындай окуялар көпчүлүккө билинбей, тараптардын өз ара келишип алуусу менен иш бүткөрүлөт. Бул ирээт бактардын массалык түрдө кыйылып жатканын ачыкка чыгарган журналистке акча сунуштагандар да болгон экен.