Ош шаарында бир катар мал союучу жайлар жабылды

1109

Бул тууралуу «Кара-Кулжа» деп аталган мал союучу жайдын жетекчиси Күлүйпа Жакыпова билдирди. Жакыпованын билдирүүсүндө «иш ордуңар талапка жооп бербейт» деген жүйө менен Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык кызматы 3-мартта шаардын аймагындагы 7 мал союучу жайдын ишин токтотту.

Буга байланыштуу ишкерлер бүгүн мэриянын алдына нааразылык акциясына чыгышат.

Жакыпованын айтуусунда, ар бир мал союучу жайда жыйырмадан жумушчу иштейт.

Ош шаардык мэриясы азырынча бул боюнча түшүндүрмө бере элек.

Мэриянын ишкерлерге койгон талабы боюнча мал союу иштери 4-марттан тартып бир гана жерде – шаардагы эски эт комбинатында жасалууга тийиш. Башка жактарда, коңшу райондордо союлган малдын этин сатууга тыюу салынат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.